Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук бөлүмүндө жана Ош облусунун Алай районунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүндө тандамалык текшерүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгына 31 телефонограмма жана 3 буйрук, ал эми Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына 32 телефонограмма жана 8 буйрук берилген. Тандамалык текшерүүдө аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертмелер берилген күндөргө карата аталган райондордо эскертмелерге өз убагында көңүл бурулуп, тиешелүү иш-чаралардын аткарылгандыгы белгиленди.
Аткарылган иштер боюнча кайра маалымат берүү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы тарабынан тиешелүү тапшырмалар коюлду.