Ошто 8-9-июль күндөрү оңдоо иштерине байланыштуу 15 көчөдө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Ош электр» ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.
Анда маалым болгондой, пландык оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 17:00гө чейин Гагарин, Столичная, Депутатская, Мехнат, Абай Жумабаев, Увамск, Зелёная, Москва, Абдуллаев, Жалал-Абад, Баратов, Восточная, Ленинград, Мадумаров, Заречная, Ак-Алтын, Демократическая, Памир, Касымов, Панфилов, Спортивная, Ленин, Алиев, Чапаев, Курманжан датка, Фрунзе, Вишнёвая жана Ташкент көчөлөрүндө электр энергиясы убактылуу токтотулмакчы.
Мындан тышкары "Ош жогорку кубаттуу электр түйүндөрү" ишканасынын айланасында да электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.