Жалал-Абадда жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазанын жетекчиси кызматтан алынганына байланыштуу кызматкерлердин жумушка чыкпаганы айтылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
"Жалал-Абад шаардык муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазанын кызматкерлери 8-июлдан тартып иш ташташкан. Алардын бул кадамына аталган ишкананын жетекчиси Кочкорбай Алдосовдун мыйзамсыз кызматтан четтетилиши себеп болгон. Аны Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев 2-июль күнү №191-буйруктун негизинде жумуштан бошоткон. Ишкананын эмгек жамааты жетекчинин мыйзамсыз, эч кандай күнөөсүз жумуштан алган шаар жетекчисине нааразы болушуп, жетекчини өз ордуна коюп берүүнү суранышкан" деп айтылат маалыматта.
Кызматтан бошотулган Кочкорбай Алдосов: "Мен шаар мэрине "Эмне себептен жумуштан бошоттуңуз?" деген суроо узатсам, "текшерүүнүн негизинде" деп жооп берди. Текшерүү апрель айында жүргүзүлгөн. Андан бери 4 ай өттү. Текшерүү учурунда менден эч кандай күнөө же ката табылган эмес. Прокуратурага кайрылуу жаздым, алдыда прокуратуранын жообун күтүүдөбүз",- деп билдирген.
Кызматкерлердин бири Арапбай Нышанбаев: "Шаар бийлиги муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазага жардам көрсөтүшү керек эле. Анткени жетекчибиз ишканага жаңы келген учурда ишкананын 3 миллион сом карызы бар эле. Былтыркы жарым жылдыкта карыздын 2 миллион 300 миң сомунан кутулуп, 1 миллион карызыбыз калды. Эгерде жетекчибизди кайрадан ордуна койбосо, анда биз эмгек жамаатыбыз менен иш таштоону улантабыз. Бүгүндөн баштап иш таштадык",- деди.
Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаевдин айтымында, кечээ бул маселе боюнча жолугушуу болуп, натыйжада протокол түзүлгөн. Кызматкерлер прокуратуранын чечимин күтпөстөн, бүгүн иш ташташкан.