Өткөн аптанын соңунда Пекин шаарында "Помидор уруш" фестивалы болуп өттү. Мындай иш-чара өлкөдө биринчи жолу өткөрүлүп, ага миңдеген адам катышты. Бул тууралуу 8-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Фестиваль Чаоян районунда орун алып, музыканын коштоосунда 6 саатка созулган. Жалпысынан 10 тонна жашылча колдонулуп, помидордун жыты бүт районго тараган. Катышуучулар үчүн жагымдуу маанайда өткөн иш-чара бир катар сынга кабылган. Жергиликтүү тургундар помидор урушту ысырапкорчулук деп баалашкан.
Бүткүл дүйнөгө белгилүү помидор уруш жыл сайын жайында Испаниядагы Буньоле шаарында өтөт. 1945-жылдан бери өткөрүлгөн фестиваль 9 миң жашоочу бар шаарда өткөнүнө карабай, аны көрүү үчүн 40 миңге жакын турист келет. Испанияда фестиваль бир аптага созулуп, жарманке, фейерверк, ыр-бий менен коштолот.