Арча-Бешикте суу токтотулгандыктан, кош бойлуу келиндер жана жаш балдар чакалап суу ташышууда (фоторепортаж)

Кечээ, 8-июлда кечке жуук SUPER.KG порталынын кабарчылары Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушуна барып, иче турган жана сугат суу маселеси боюнча кабардар болуп келишти.

Биз конушка киргенде эле келиндер жана жаш балдар бөтөлкөлөр, чакалар менен суу ташып жүргөндүгүн байкадык. Алардын арасында кош бойлуу келин да бар. Мындан тышкары сугат суу өтүүчү арыктын кургап калганына да көңүл бурдук.

Журналисттик жабдууларыбызды көргөн жергиликтүү тургундар “силер, журналисттер, суу маселеси боюнча келдиңер окшойт” деп биз менен маек кура башташты.

76 жаштагы Жумакан Маматказиеванын айтымында, аталган конуштун Он-Арча жана Көк-Дөбө көчөлөрүндөгү 70 чакты үйдөн турган кварталында акыркы үч жыл ичинде жай сайын иче турган суу токтоп калат. "Суу жок абдан кыйналып кеттик. Айласыздан аркы көчөдөн же шаарга унаа менен барып суу ташып келебиз",- деди ал.

Суусуз калган кварталдын башчысы Таалай Балыкчиев бир гана иче турган суу эмес, сугат суу келбей жатканын айтты. Анын билдиришинче, өйдө жакта жашаган тургундар иче турган сууну огороддоруна пайдаланышып, анын кварталындагы үйлөргө суу жетпей калууда. "Иче турган суу маселеси боюнча бардык тиешелүү түзүмдөргө кайрылганбыз. Жакында оңдоп-түзөө кызматынын кызматкерлери келип текшерүүлөрдү жүргүзүп, "өз каражатыңар менен суу бар үйлөрдөн суу түтүктөрүн улап алгыла" деп кетип калышкан",- деди квартал башчысы.

Мындан тышкары ал суу ташуучу унаа келип, иче турган суу менен камсыздап жүргөнүнө да токтолду. "Былтыр жумасына 2-3 келчү. Жай айы башталгандан бери болгону эки жолу келиптир. Бирок качан келери белгисиз болуп, келгенде тургундар үйдө жок болуп калууда. Кечке маал келгенде туура болмок",- деп кошумчалады Балыкчиев.

Арча-Бешик конушунда көп жылдан бери жашаган Жаныбек Иманов "Бишкек суу каналы" ишканасына иче турган суу маселесин чечүүгө суу түтүктөрүн мыйзамдаштырууну сунуштады. "Биздин кварталыбызга келген суу түтүктөрү аталган ишкананын картасында барбы же жокпу, бизге белгисиз болууда. "Бишкек суу каналы" ишканасынын кызматкерлери келип текшерип, ушуну билдирип кетсе болмок",- деген пикири менен бөлүштү тургун.

Суусуз кыйналган Арча-Бешиктин тургундары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dadin1
2014-07-09 11:32:45
XXI кылым
0
Umka220190
2014-07-09 11:35:59
Мен бул райондо жашап жүргөндө сууга очередьке турчубуз...
+2
Suiun_25
2014-07-09 11:47:27
Атамбаев куурататурган болдуго
-1
Inwallah88
2014-07-09 13:07:04
Атамбаев давно куураткан
0
Мэри
2014-07-09 16:02:09
Мындай маселени жергиликтүү бийлик эле чечип койсо болот да, колдон келчү нерсе го. Эл аралык деңгээлдеги, глобалдуу маселеби? Эми ушуга да Атамбаев кийлигишиши керекпи?
0
kamarik
2014-07-09 20:38:35
Атамбаев эмес давно эле кураган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан