Ош. Жылуулук мезгилине карата даярдыктар жүрүп жатат

Ош шаарында жылуулук мезгилине карата даярдыктар жүрүп жатат. Анын негизинде бүгүнкү күндө №1, №2-буу казан агрегаттары күндөлүк оңдоодон өттү. Бул тууралуу 8-июлда вице-мэр Кутманалы Абдырахман уулу Ош шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселесин талкулоо учурунда билдирди.  

Ал эми №3-буу казан агрегатында оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ал кошумчалагандай, 2014-жылы бизнес-план боюнча, катардагы ыкма менен Салиева көчөсүндөгү 7 көп кабаттуу үйдү жылуулук менен камсыз кылуучу диаметри 50 мм жана 100 мм, узундугу 784 метр келген суу түтүктөрү алмаштырылат. «20 600 тонна күйүүчү мазут жана 5,3 миллион метр куб жаратылыш газы керектелинет. Азыркы күндө «Кыргызнефтегаз» ишканасы менен 20 000 тонна мазутка келишим түзүлгөн. Келишимдин негизинде 1691 тонна алынып келинди»,- деди Абдырахман уулу.

Маалымат боюнча, бүгүнкү күндө Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасында 58 отказан болсо, анын ичинен 20 откана электр энергиясы менен, ал эми 38и көмүр менен иштетилет. График боюнча бүгүнкү күнгө 10 откана даяр болуш керек болсо, иш жүзүндө 14ү даяр болду. Көмүр сатып алууга тендер өткөрүлүп, жалпысынан 7700 тонна көмүр, 1000 тонна мазут отунун алуу боюнча келишимдер түзүлгөн.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан