Ош шаарындагы мектептерде эмгектенген мугалимдерге эки жылдан бери коммуналдык кызматтары үчүн жергиликтүү казынадан акча бөлүнүп келет. Быйыл дагы бул жагдай кайра демилгеленип, 11 миллион сомго жакын акча бөлүндү. Мындай буйрукка шаар мэри Айтмамат Кадырбаев кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Эки жыл мурда демилгеленген бул саамалык мектеп мугалимдеринин электр энергиясына, газга жана таштандыга кетчү чыгымдарын төлөй баштаган. Ал акча айлык маянасына кошулуп берилчү. Мындай кызматтарды пайдалануу бир гана шаарда жашап-иштегендер үчүн болгон. Ал эми облустун аймагында жашап, бирок шаардагы мектепте мугалим болуп иштегендерге берилбейт.
Буга чейин айтылгандай, шаардагы медицина тармагында эмгектенген медайымдар жана санитардык кызматкерлердин дагы коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерди төлөп берүү үчүн жергиликтүү казынадан 7 миллион сомдон ашуун акча бөлүнө турган болгон.