Ош шаарындагы райондорду электр жарыгы менен камсыздоону жакшыртуу багытында трансформаторлор орнотулууда

Ош шаарындагы райондорду электр жарыгы менен камсыздоону жакшыртуу багытында трансформаторлор орнотулууда. Учурда Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан электр жабдыктары алынып келинип, орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда мэриядан билдиришти.

Анда маалым болгондой, ага жергиликтүү бюджеттен 1 миллион сомдон ашуун акча каралып, 3 трансформатор орнотулду.

Ал эми Керме-Тоо аймактык кеңешине караштуу 218-кварталга 1 даана, Амир-Темир кичи районуна 1 даана, Орке айылындагы Жаңы-Чек аймагына 1 даана орнотулууда. Мурда аталган аймактарда трансформатор жок болуп, жарыкка күч келип, жарык маал-маалы менен өчүп турган. Мындан улам жергиликтүү тургундар маселени чечип берүү үчүн шаар жетекчилигине кайрылышкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан