Каракол шаарындагы жеке колдорго өтүп кеткен ат майдан Жогорку Соттун чечими менен Каракол мэриясынын карамагына өттү. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына “Камбар ата” ат сүйүүчүлөр ассоциациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 5 жылдан бери созулуп келген сот иштери ушуну менен жыйынтыкталып, ат майдан элдин пайдасына чечилди. Эми жакын арада Каракол шаардык мэриясы бул жайды калыпка келтирет.
Кошумчалай кетсек, ат майдан жеке колдорго өтүп кетип, акыркы кездерде кыйрап жатканын айтып “Камбар ата” ат сүйүүчүлөр ассоциациясынын мүчөлөрү соттон бул маселени элдин пайдасына чечип берүүнү суранып келишкен.