Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү орозо туткандарды ооз ачууга чакырууда

8-июлда Баткендин Лейлек районунда орозо туткандарга ооз ачыруу сыйын Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков баштап берди. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Көп улуттун өкүлдөрүнөн турган 150 киши чакырылган ооз ачыруу сый тамагына аталган райондун бардык айыл округдарынан келишти.
Анда ынтымакка үндөгөн сөздөр айтылып, ыйык Рамазан айында өткөндөргө багышталып куран окулду. Ушундай эле ооз ачар жолугушуулары эми Баткен, Кадамжай райондорунда жана Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларында да өтөрү маалым болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан