Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 6 айында Бишкек шаарында төрөттүн көрсөткүчү 0,8 пайызга төмөндөгөнү байкалган. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 6 ай ичинде жалпы өлүмдүн көрсөткүчү 23,3 пайызга өссө, калктын жалпы табигый өсүшү 9,1 пайызга төмөндөгөн. Ошондой эле жаш балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү 7,4 пайызга, энелердин өлүмү 46,2 пайызга артканы маалым болду.