Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабындагы Арча-Бешик, Ала-Арча, Ак-Ордо жана Ак-Өргөө конуштарында жыл сайын жай мезгилинде иче турган суу маселеси туулат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына “Бишкексууканал” ишканасынын башчысынын орун басары Мурадин Сейдалиев билдирди.
Анын айтымында, иче турган суу сугатка пайдаланылгандыктан, ушундай көйгөй келип чыгууда. “Аталган конуштар жаңы салынып жатканда ирригациялык (суу түтүктөрү – ред.) системи каралбай калган. Бирок эртең менен Ак-Өргөөгө сууну ачып берүүгө аракет кылуудабыз, ал эми күндүз Арча-Бешик, Ак-Ордо конуштарын суу ташуучу унаалар аркылуу суу менен камсыздап жатабыз. Арча-Бешикте күнүнө 3 унаа иштесе, Ак-Ордодо 2 унаа иштейт. Орточо эсеп менен күнүнө ушул эки конушка 18-20 рейс жасалат",- деди ал.
Ошол эле учурда Арча-Бешиктин Он-Арча жана Көк-Дөбө көчөлөрүнүн тургундары “Июнь ичинде бир да суу ташуучу унаа келген эмес. Акыркы аптада гана эки жолу келген” дешүүдө.
Эскерте кетсек, кечээ, 8-июлда SUPER.KG порталынын кабарчылары Арча-Бешик конушунун суусуз калган кварталына барып, иче турган суу жана сугат суу маселеси боюнча кабардар болуп келип, кош бойлуу келиндер жана жаш балдар чакалап суу ташышкандыгына күбө болушкан.