20-июлга чейин Чүй, Талас, Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад облустарында кичине курактагы балдардын китеп окуусун өнүктүрүү боюнча тегерек стол өткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Улуттук китепканасынан билдиришти. Иш-чарага жергиликтүү администрация, социалдык коргоо органдары, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, китепканалардын, мектепке чейинки мекемелердин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Тегерек столдо үй-бүлөлүк китеп окуу маданиятын туруктуу өнүктүрүү үчүн кандай аракеттерди көрүү керектиги тууралуу суроолор талкууланат. Жыйынтыгында кичине курактагы балдардын китеп окуусун өнүктүүгө багытталган пландар иштелип чыгып, "Бардык үй-бүлөбүз менен окуйбуз", "Кечки жомок" жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.