Жумушка велосипед тээп барган чиновник: “Депутаттарга артыкчылыктар берилгенине каршымын”

“2013-жылдан тарта, өкмөттүн аппаратына орношкондон бери жумушка велосипед тээп барам”,- деди бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары, 32 жаштагы Данияр Шейшеканов.

Анын айтымында, велосипед тебүү ден соолукка пайдалуу, жөө басканга караганда ылдамыраак жана унаага караганда үнөмдүү. “Мен жумуштан кеч чыгам. Анткени түнкү саат 11ге чейин иштейбиз. Бул убакта коомдук унаа токтоп калат. Ошондой учурда велосипед жакшы. Мындан тышкары Бишкектеги административдик жана социалдык объектилердин оозунда велосипеддерди токтотуучу жайлардын жоктугу өкүндүрөт”,- деди ал.

“Мен чиновниктерге кандайдыр бир артыкчылыктар берилгенине каршымын. Мени мандат же статус бузбайт. Эгер эл өкүлү болуп шайланып калсам, артыкчылыктар менен күрөшөм”,- деп кошумчалады Д.Шейшеканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
gulperi.kg
2014-07-09 19:08:09
Жонокойлук десем жанылышпайм бирок жашоосуна коркунуч туулбайбы ?бандиттер коп го дегеним.
+2
Dadasdasd
2014-07-09 20:36:51
Ошондой кишинин эле артынан тушуп калгыдай крим олко эмес КГ. Кудайга шугур чын иштесен эле амансын.
+1
Byshakov
2014-07-11 11:01:54
Dadasdasd, чын иштейм деп бироонун жолун тосконго туура келет кээ бир учурда, а бизде деген аны сотто чечпейт муш менен чечет этият болуусу керек
0
elgiz0890
2014-07-09 20:59:54
шайланып калсам
-1
rabia
2014-07-10 02:05:36
шайланып калсам..... Даярдык коро баштаганго
-1
kuba.kq8705
2014-07-10 09:38:15
sen da biznesterdi a4yp ak4an koboigondo deputat bolosun anan mawinada juruwuno tuura kelet bez opasno degendei
+1
depu
2014-07-10 10:50:54
Айлыгын ишин жогорулаган сайын,шайтан арабан дагы озгорот. Анан озун билбей калба 470те ишке келгенини. Эми..эми.. кандай десем жумушка байланыштуу,иш коп,озуму ойлодум деген создорго алмашып калбасын азыркы создорун.
+2
alooke
2014-07-10 11:02:29
Популизм!!!! Бир күн катуу шамалда же нөшөрлүү жаанда калгандан кийин велосипедин гаражга кантип ыргытканын өзү билбей калат. Кеп кийимде, минген машинеде эмес, туруктуу ниетте!!! Бар болсо каалаганыңды айда, керек болсо ишине самолет менен бар, но, керсейбе, жөө адамдарды урматта, жол эрежесин сакта.
+2
Aisanat
2014-07-10 19:42:46
Велосипед менен да он жакта айдаш керек. Байкебиз тескери жакка тушуп алыптыр го.
Европада велосипед тебуучулор учун да ережелер штрафтар бар. Велосипедди да мас абалында айдабаш керек, наушникти еки кулакка тен салбаш керек деген сыяктуу. Велосипед менен ереже бузсан айдоочу куболуно доо кетет ошондуктан абдан ережени сактайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан