Баткен. Лейлекте чек арачылар үчүн курулуп жаткан батир Эгемендүүлүк күнүн утурлай берилет

Баткендин Лейлек районунда чек ара кошуунунун офицерлерине жана №2021-аскер бөлүгүнө курулуп жаткан батир менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков таанышып кайтты. Бул тууралуу 10-июлда өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.
Анда маалым болгондой, аскер бөлүктүн турак жай пайдалануу кызматынын зардалы Зувайдула Досматовдун айтымында, бул имарат республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык баасы 29 миллион сомду түзгөн. Азыркы учурда 22 миллион сомдук курулуш иштери аяктап, 16 батирлүү үй ушул жылы Эгемендүүлүк күнүнө карай пайдаланууга берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан