9-июлда Баткендин Лейлек районуна өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Жеңиш Разаков иш сапары менен барды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда Лейлек чек ара кошуунуна караштуу Исхак Раззаков атындагы "Кулунду" чек ара тозотунун жаңы курулуп жаткан имараты менен таанышып, жалпысынан 50 кишиге ылайыкташканы маалым болду. Ал эми сметалык баасы 30 миллион сомду түзгөн имаратты АКШнын армиясынын инженерлер тобу каржылаган.
«Сталь монтаж» ЖЧКсынын башкы инженери Даут Денисламовдун айтымында, чек ара кызматкерлери үчүн имарат заманбап үлгүдө, бардык шарттары менен курулган. Суу системи ишке киргизилсе, имарат пайдаланууга берилет.