Жалал-Абадда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер эс алууга жиберилүүдө

Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгында жалгыз бой жашаган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 6 жаран каттоодо турат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын ар бирине социалдык кызматкерлер бекитилип берилген. Ошондой эле дары-дармектерин, тамак-аш азыктарын алып келип берүүгө, үйлөрүн тазалап-жыйноого, коммуналдык төлөмдөрүн төлөөгө жардам беришет. 
Андан сырткары Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 17 ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамга «Кыргызстан», «Ысык-Ата», «Мамакеева», «Жалал-Абад» деген санаториялык курортторуна жолдомолор берилди. 1-агым 20 күнгө, 2-агым 10 күнгө, 3-агым 6-күнгө июль ичи эс алууга барышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat88
2014-07-10 12:50:02
Рахмат сиздерге менин да агам барып Келли Мамакевке ушул жолдомо аркылуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан