2014-жылдын I жарым жылдыгында керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли 5,9 пайызды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда маалымат жыйынында КРнын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Жанбулат Байжуманов билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын январь-июнь айларында бул көрсөткүч 1,5 пайызды түзгөн. “Муну менен өткөн жылдагы керектөө бааларынын жалпы өсүшүндөгү негизги салым (54 пайыз) азык-түлүктүк эмес товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон баалардын өсүшү менен камсыздалса, 2014-жылдын I жарым жылдыгында тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баалардын жогорулашы менен камсыз болду”,- деди ал.