Казакстандын Актөбө облусунда 22 жаштагы баланын энеси көз жумган уулунун органдарын бейтаптарга берүүгө макул болду. Уулу жол кырсыгына кабылып, 20 күн комада жаткан. Анын жүрөгү токтоп калганда жандандыруу бөлүмүндө бардык аракеттер көрүлгөнү менен, ал дүйнө салган. Бул тууралуу 9-июлда казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Актөбө облусундагы трансплантация боюнча координатор Валентина Арыстанова: "Бейтап көз жумганда биз анын апасы менен сүйлөштүк. Баласы каза болгонун, бирок анын органдары башка адамдардын өмүрүн сактап кала алышын түшүндүрдүк. Анын ички органдары жаракат алган эмес жана ал эч кандай ооруга чалдыкпаганын текшерип чыктык. Энеси баарын түшүнүп, трансплантацияга макулдугун берди.
Сызганов институтунан 13 адамдан турган бригада учуп келип, операция жасашты. Актөбөдө биринчи жолу каза болгон адамдан донордук органдар алынды. Биздин биринчи тажрыйбабыз ийгиликтүү болду. Бизде органдарга муктаж болгон жарандардын тизмеси бар",- деп билдирген.
Актөбөлүк жарандын органдары кимдин өмүрүн сактап калганы тууралуу маалымат ачыкталбаганы менен, боорду көчүрүү боюнча операция жасалганы айтылууда.