2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда балдар жакырчылыгынын деңгээли 45,2 пайызга барабар. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда КРнын Улуттук статистикалык комитети уюштурган маалымат жыйынында “КРнын калкынын жакырчылыгынын деңгээли” темасына арналган презентацияда айтылды.
Анын маалыматтарына таянсак, облустар боюнча балдар жакырчылыгынын эң жогорку деңгээли Баткен облусунда (59 пайыз) экен. Ал эми бул көрсөткүчтүн эң төмөн деңгээли Талас облусуна (29 пайыз) таандык. Бишкек шаарында жаш балдардын 29,2 пайызы жакыр абалда жашаса, Ошто бул көрсөткүч 49,2 пайызга барабар.