Жалал-Абад шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан 30 окуучу кызыл аттестатка ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынан маалымдашты.
Анда маалым болгондой, быйылкы жылы 57 окуучу кызыл аттестатка көрсөтүлүп, сынактын жыйынтыгында алардын 30у мыктылыгын көрсөткөн. Натыйжада өлкөдөгү артыкчылык менен мектепти бүткөндөрдүн саны боюнча Жалал-Абад шаары 2-орунга чыкты. Ал эми 1-орунда Бишкек шаары турат.