Ош шаарында 1 тоннадан ашык ич эт жана 2 тоннага чукул дарбыз жок кылынды

Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан Ош шаарында 1169,4 килограмм ич эт жана 1700 килограмм дарбыз жок кылынды. Бул боюнча жогоруда айтылган инспекциянын басма сөз кызматы бүгүн, 11-июлда билдирди. 

Маалыматтарга караганда, 1169,4 килограмм ич эттин фитосанитардык жана ветеринардык талаптарга жооп  бербегендиги жана 1700 килограмм дарбызда минералдык заттардын нормадан ашык экендиги аныкталып, жок кылуу боюнча чара көрүлгөн.

Буга катар эле аталган мекеме тарабынан эки мал союлуучу жай, 1 колбаса цехи, чочко багылуучу 1 чарбанын иши тиешелүү санитардык талаптарга жооп бербегендиктен токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан