“Чүй облусундагы суу маселесин чечиш үчүн бирдиктүү штаб түзөбүз” деди бүгүн, 11-июлда Панфилов районунун Октябрь айылынын дыйкандары менен жолугушууда КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев.
Анын айтымында, аталган штабды өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Исаев жетектейт. Штаб жергиликтүү милиция менен биргеликте күн сайын суунун уурдалып кетүүсүнүн алдын алып, көзөмөлгө алат.
Т.Сарпашев кошумчалагандай, буга чейин ушул сыяктуу штаб болгон. Бирок ал аптасына эки күн гана иштеп келген. “Түнкүсүн сууну уурдап кетүү фактылары катталган. Эми суу уурдагандар кармалса, аларга кылмыш иши козголушу толук мүмкүн. Андан тышкары бул үчүн жергиликтүү башкаруу органдары да түздөн-түз жооп берет. Анткени суунун жоктугунан улам көптөгөн дыйкандар насыяларынан кутула албай калышууда”,- дейт Сарпашев.