Паспортундагы сүрөтүнө окшошпогон кыргызстандык жаран Маратбек Эшанкулов Домодедово прокуратурасынын прокурорунун айынан Кыргызстанга келе албай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда М.Эшанкуловдун жактоочусу Филипп Шишов билдирди.
Анын айтымында, бүгүн Москва облустук сотунда 2014-жылдын 14-апрелинде чыккан актоочу өкүмгө прокурор Катерина Кулагинанын апелляциялык даттануусу боюнча соттук отуруму өтүшү керек эле. “Бирок Домодедово прокуратурасынан “прокурор К.Кулагина эмгек өргүүсүндө болгондуктан, соттук ишти жылдырууну суранып жатат” деген кат келди. Буга биз, албетте, каршы чыктык. Эмне себептен прокурор эмгек өргүүсүнө чыга алат, ал эми анын күнөөсү менен М.Эшанкулов мындайга мүмкүнчүлүгү жок?”- деп ызаланды адвокат.
“Домодедово прокуратурасында Кулагинадан башка айыптоочулар жок бекен? Сот бул сурообузга көңүл бурбай, соттук отурумду ушул жылдын 22-июлуна жылдырып койду. Ошентип, М.Эшанкуловдун паспорту Домодедово сотунун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киришине чейин берилбейт”,- деди Ф.Шишов.
Эскерте кетсек, “Орусиянын аймагына жасалма паспорт менен мыйзамсыз өттү” деп айыпталып жаткан Маратбек Эшанкулов 2014-жылдын 14-апрелинде Москва облусунун Домодедово шаардык соту тарабынан акталган.