Эртең, 13-июлда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 13-июль күнү эртең мененки саат 9:00дөн 17:00гө чейин Абдрахманов көчөсүндөгү №97, 99, 101, 105/1, 105/2, 105/3, 119-көп кабаттуу үйлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле Ленин көчөсүндөгү №39-көп кабаттуу үйдө, Үсөнбаев көчөсүндөгү №24, 26, 44, 46, 48, 50-көп кабаттуу үйлөрүндө, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №63, 76, 78-көп кабаттуу үйлөрүндө жана Ормокеев көчөсүндө жайгашкан №11, 16, 17, 18, 19, 32-көп кабаттуу үйлөрүндө электр жарыгы убактылуу болбойт.