Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү Алимсейитов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу 375 орундуу, эки кабаттуу мектеп салынууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда райондук администрациядан Кыял Мажитов билдирди.
Маалым болгондой, жаңы мектептин курулушуна капсула таштоо аземине Алай районунун акими Таалай Сарыбашов катышып, курулуштун жүрүшү менен жеринде таанышып, айылдын эли менен жолугушту.