Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-июлда Тажикстандын Исфара шаарында Баткен облусунун жана Согди облусунун чек ара кызматтарынын, укук коргоо түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон. Анын жүрүшүндө тараптар аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту коргоо маселесин талкуулашкан. Мындан тышкары аталган жолугушууда куралды колдонбоо боюнча чараларды көрүү маселеси каралган.
Учурда кыргыз-тажик чек арасында КРнын Чек ара кызматынын түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Чек арадагы көзөмөл-өткөрүүчү жайлар штаттык тартипте иштеп жатат.
Эскерте кетсек, 10-июлда түшкө маал кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен.