Жалал-Абад шаарынын Тукубай Тайгараев аймактык башкаруусунда буудайларды оруп-жыйноо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн өз учурунда жыйноо үчүн аталган аймактык башкаруусунда өстүрүлүп жаткан буудайлардын түшүмүн аныктоо максатында атайын комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жылдагыга караганда түшүм бир кыйла жакшы экендиги аныкталды жана буудай жыйноо иштери бүгүндөн башталды.
Айта кетсек, Тайгараев аймактык башкаруусунун 90 гектарына буудай эгилген.