Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков Баткен облустук ооруканасында болуп, кыргыз-тажик чек арасында ок атышуудан жаракат алган аскер кызматкери Нурсултан Сүйүнбай уулунун абалы менен таанышып кайтты.
Оорукананын директору Тургунбай Айжигитовдун айтымында, жабыр тарткан жигиттин абалы азыр туруктуу, 10 күн ооруканада дарыланат жана айыктырууга бардык дары-дармектер жетиштүү.
Ал эми Жеңиш Разаков Нурсултан Сүйүнбай уулуна мындан ары да жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүлүп, материалдык жардамдар берилерин айтып өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда өкүлчүлүктөн Дилара Парпиева билдирди.