Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов “Тазалык” ишканасынын жетекчилерине шаардын көйгөйлүү аймактарында ишти күчөтүүнү буюрду. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, муну мэр санитардык тазалоо боюнча штабынын отурумунда айтты. Иш-чаранын жүрүшүндө керектүү техниканын жетишпегендиги, таштанды салынуучу контейнерлерди коюу маселелери талкууланды.
Отурумдун жыйынтыгында “Тазалыктын” жетекчилерине шаардын көйгөйлүү аймактарында ишти күчөтүүнү буюрду жана таштандыларды ташууда өз милдеттерин аткарбаган жеке компаниялар менен келишимдерди жокко чыгарууну буюрду. Мындан тышкары шаар башчысы санитардык инспекцияны райондук администрациялар менен биргеликте таштандылар маселеси боюнча рейддерди уюштурууну милдеттендирди.