Эртең Бишкекте “Жаштар үчүн перспективалар” аттуу окуулар башталат

15-18-июль күндөрү Бишкекте “Жаштар үчүн перспективалар” аталышындагы квалификацияны жогорулатуу үчүн курстар программасы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Жаштарды өнүктүрүү институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, окутуучу курстарда “Коммуникация, командада иштөө, лидерлик” жана “Пайдалуу коммуникациялар жана жаштардын кызыкчылыктарын алдыга жүргүзүү” темалары боюнча тренингдер уюштурулат. Аталган программа КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана Эл аралык кызматташуу боюнча германиялык коом тараптарынан ишке ашырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан