Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү "Ак-Терек” балдардын эс алуу борборунда балдарга арналган орундар көбөйтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө лагерде 7 жаштан 13 жашка чейинки Кара-Суу районунан 100, Өзгөн районунан 20 бала эс алууда.
Лагерди оңдоп-түзөө иштерине Кара-Суу мамлекеттик администрациясынан 100 миң сом, ал эми Кара-Суу райондук профсоюздук комитети тарабынан балдардын тамак-ашы, лагерде иштеген кызматкерлердин айлык акысы каржыланат. Учурда лагерде 9 тарбиячы, 1 коопсуздук жана 1 медицина кызматкери эмгектенет. Буга чейин лагерде балдар жылына бир эле жолу эс алып келишкен болсо, ушул жылы айылдык профсоюздук комитетинин демилгеси менен жылына 3 ирет эс алууга жөнөтүлөрү күтүлүүдө.
Айта кетсек, аталган лагерь Союз мезгилинен бери эле иштеп келет. 2015-жылы бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, лагердин имараты жаңыдан салынышы күтүлүүдө.