“Альтернативдик аскер кызматына чакырылгандардын саны жыл сайын азаюуда” дейт Руслан Абдырахманов

“Альтернативдик аскер кызматына чакырылгандардын саны жыл сайын азаюуда”,- деди бүгүн, 14-июлда маалымат жыйынында КРнын Башкы штабынын Башкы оперативдик-мобилизациялык башкармалыгынын жетекчиси, полковник Руслан Абдырахманов.

Анын айтымында, 2014-жылдын “Жазгы чакыруу” кампаниясы боюнча альтернативдик аскердик кызматка 10 миңден ашуун адам чакырылды. “Буга чейин 2011-жылы 20 миң адам, 2012-жылы 18 миң адам, 2013-жылы 11 миң адам альтернативдик аскер кызматын өтөп келген”,- деди полковник.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан