“Жазгы чакыруу – 2014” кампаниясы боюнча мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылгандардын арасындагы башка улуттардын өкүлдөрүнүн саны өлкөдөгү улуттун өкүлдөрүнүн санына жараша болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда маалымат жыйынында КРнын Башкы штабынын Башкы оперативдик-мобилизациялык башкармалыгынын жетекчиси, полковник
Руслан Абдырахманов билдирди.
Анын айтымында, быйыл мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөгө чакырылгандардын арасында 100дөн ашуун өзбек (7,8 пайыз), 40тан ашуун орус (1,3 пайыз), 30дан ашуун тажик (1 пайыз), 20дан ашык дунган (0,6 пайыз), 10дон ашык түрк (0,3 пайыз) жана башка улуттардын өкүлдөрү бар.