Ош. Алай районунда 134 энеге Баатыр эне ордени салтанаттуу тапшырылды

Ош облусунун Алай районунда Баатыр эне орденин жана Эне даңкы медалын тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда райадминистрациядан Кыялбек Мажитов билдирди.

Анда маалым болгондой, Баатыр энелерге райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чакан концерт тартууланып, 134 энеге Баатыр эне ордени жана 18 энеге Эне даңкы медалы тагылып, баалуу белектер берилди. Ага Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Таалай Сарыбашов, Ош облустук профсоюздар комитетинин төрагасы Тайлакбай Мусаев катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан