Жалал-Абадда 6 айда 27 көмөк чордон оңдоп-түзөөдөн өттү

“Жалал-Абад электр” ачык акционердик коому күз-кыш айларына даярдыктарды улантууда. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында план боюнча 25 даана көмөк чордон оңдоп-түзөөдөн өтүшү пландалган болсо, бүгүнкү күнгө 27 даанасы оңдоп-түзөөдөн өттү. Ал эми 6 ай ичинде 881 даана трансформаторду оңдоо пландалса, бул аралыкта 930 трансформатор оңдолуп, план ашыгы менен аткарылган. Андан тышкары 57 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылган. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда “Жалал-Абад электр” ачык акционердик коомунун башкы директорунун 1-орун басары Азамат Паизов билдирди.

Мындан сырткары 6/10,04 кВт аба чубалгыларын алмаштыруу жумуштары 101,87% пайызды түздү. Ошол эле учурда 6 ай ичинде 9 даана жаңы трансформатор орнотулушу керек болсо, учурда 21 даана жаңы трансформатор ишке киргендигин кошумчалады Азамат Паизов.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан