Бүгүн, 14-июлда Бишкектин Октябрь районунда райондук милиция бөлүмүндө каттоодо турган 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында спартакиада старт алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара спорттун беш түрү боюнча өтүүдө: кичи футбол, сууда сүзүү, стол үстүндөгү теннис, дартс (учтуу шишти тактага таамай багыттап саюуга багытталган спорт түрү) жана жеңил атлетика. Спорт оюндарына 150гө чукул өспүрүм катышууда.
Спартакиада Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына карата уюштурулууда. Оюндар Октябрь районунун спорттук базаларында 14-22-июль күндөрү өтөт. Жеңүүчүлөр шаардык спартакиадага катышуу мүмкүнчүлүгүн алышат.