Футбол боюнча Португалия курама командасынын жана мадриддик “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду Израилдин премьер-министри менен жолугушуудан баш тартканы айтылууда. Мындай маалыматтар бир катар чет элдик басылмаларда жарык көрдү.
Анда айтылгандай, футболчуга Израилдин премьер-министри жолугушуу тууралуу сунуш киргизген. Жолугушуудан баш тарткан футболчу журналисттерге мунун себебин түшүндүрүүгө аракет кылган. “Эгер мен башка футболчулар сыяктуу эле Израилди жакшы көрөм деп айтсам, анда мени жыл сайын дүйнөнүн мыкты футболчусу катары тандашат. Мен Палестинаны колдойм жана мени ал жакта күнөөсүз кырылып жаткан наристелер ойлондурат”,- деп билдирген футболчу.