Москва шаарында кароосуз калган 3 ымыркай Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн, 15-июлда кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алардын экөөсү эки айлык жана эки жарым айлык эркек ымыркайлар болсо, бирөө сегиз айлык кыз. Министрликтен маалымдашкандай, алар Токмоктогу ымыркайлар үйүнө өткөрүлүп берилди. Эми алардын ата-энелери изделет. Эгер ата-энелери балдарын багуудан баш тартышса, анда башка бирөөлөргө багып алууга берилет.