Ош. Мамлекеттик балдар бакчасында тамак-ашка берилген төлөмдөрдүн 2 эсе көтөрүлүшү жөнүндөгү сөздөр элдин тынчын алууда

Мамлекеттик балдар бакчасында тамак-ашка берилген төлөмдөрдүн 2 эсе көтөрүлүшү жөнүндөгү сөздөр элдин тынчын алууда. Бул маалыматты тактоо үчүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов менен байланыштык.

Буга чейин баланын сапаттуу тамактануусуна 500 сом аздык кылары айтылып келген. Бул демилгени ата-энелер өзүлөрү сунуштап жатышат. Мектепке баланы жиберип, кээ бири убагында тосуп алса, ал эми бакчага балдарын күндө ата-энелер өздөрү алып келип, кайра өздөрү алып кетишет. Бул деген ата-энелер мектепке караганда бакча менен байланышы жакын жана күндө өздөрү 2 маал келип жатканы менен түшүндүрүлөт”,- деди Кимсанов .

Ошондой эле акыркы убактарда базар баасынын кымбатташы да бала бакчаларга өз таасирин тийгизбей койгон жок. 2008-жылдан бери бакчага төлөнүүчү сумма 500 сом бойдон келет. Бирок 6 жыл мурун сүттү 18 сомдон алышса, бүгүнкү күндө 30 сом. Ал эми этти 180 сомдон алышса, учурда 340 сомдон алууга болорун кошумчалады Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан