Жалал-Абадда кыш мезгилинде жаратылыш газы берилбей калышы мүмкүн экендиги айтылууда

Бүгүн, 15-июлда Жалал-Абад шаардык мэриясында кышка даярдык боюнча отурум болуп өттү. Ага тийиштүү жетекчилер жана аймактык башкаруулардын кондоминиумдары келип катышышты. Отурумдун жүрүшүндө кыш мезгилинде газдын жок болуп калышы мүмкүн экендиги жана анын алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектиги айтылды.  

“Газ маселеси боюнча айта турган болсок, кыш мезгилинде газ жок болуп калышы мүмкүн деген коркунуч турат. Көптөгөн мектептер жана үйлөрдүн жылуулугу газ менен болгондуктан, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жылуулугун мэрия өз мойнуна алат. Ал эми жашоочулар кеткен чыгымды төлөшөт. Учурда биз кышка даяр элебиз жана эч кандай карызыбыз жок”,- деди коммуналдык маселелер боюнча вице-мэр Турдалы Темирбаев. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
samar55
2014-07-16 00:41:43
Газ берилбей калышы мумкун деп элди алдай бербей ачык айткыла да тезек камдагыла деп .Керемет кыргызстанды жок кылып бутосунор го .Абиир сотунан кантип качаар экенсинер же ал да силерге таасир этпей калганбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан