Ири дүкөндөрдө жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө бир нече эреже бузуулар табылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 15-июлда КРнын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо кызматы Бишкектин “Народный” жана “7 дней” аттуу ири дүкөндөрүнө рейд жүргүздү. Иш-чаранын максаты эт жана сүт азыктары кандай шарттарда сакталгандыгын текшерүү болду.

Анын жүрүшүндө көп учурда айрым азыктардын таңгактарында азыктын чыгарылган датасы чаптамай кагазга белгиленгени табылды. “Бул эреже бузуу болуп саналат. Анткени өндүрүүчүлөр же дүкөндөрдүн кызматкерлери эски датасын жаңыга алмаштырып чаптап коё алышат”,- деп түшүндүрдү аталган мекеменин башкы адиси Таалай Кенжешев.

Мындан тышкары продукциянын курамы жөнүндө эч кандай маалыматы жок эт азыктары да болду. Андан соң журналисттер үч ай мурун, апрелде чыгарылган фаршты (тууралган эт) табышты. Бул боюнча дүкөндүн менеджерин чакырып сурасак, ал “Фаршты муздаткычта 9 айга чейин сактаса болот. Эгер кандайдыр бир азык-түлүктүн сактоо мөөнөтү аяктаса, өндүрүүчүлөр аны алып кетишет. Биз буга катуу көңүл бурабыз”,- деп жооп берди.

Т.Кенжешевдин айтымында, эгер кардар кайсы бир дүкөндөн эреже бузууну тапса, Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо кызматына кайрылышы керек. "Бизге арыздар түшүп турат. Биз алар менен иштеп жатабыз. Эгер дүкөндүн башкармалыгы эреже бузууну четтетпесе, ага айып пул салынат",- деди адис.

Ири дүкөндөрдөгү рейддин жүрүшүндө бир нече эреже бузуулар табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан