Ош. Жер титирөөдөн жабыркаган мектептин ордуна салынып жаткан мектеп жаңы окуу жылына бүткөрүлөт

Оштун Озгур айылындагы Алымкулов атындагы №33-мектебине кошумча 240 орундуу окуу корпусу спортзалы менен курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анда маалым болгондой, курулуштун жалпы сметалык баасы 39 миллион сомду түзөт. Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынан маалым болгондой, мектептин мурунку имараты 2008-жылы жер титирөөдө авариялык абалга келип, жабыркаган имараттардын катарына кирген. Бирок ушул убакка чейин курулушту баштоого акча каражаты чечилбей келген.

Ал эми быйылкы жылы шаардык мэрия тарабынан курулушту улантууга өзгөчө көңүл бөлүнүп, республикалык бюджеттен акча каражаты каралды. Учурда курулуш иштери улантылып, чатыры толугу менен жабылып, шыбак иштери жүргүзүлүүдө. Пландалган иштер боюнча, курулушту быйылкы окуу жылынын башталышына бүткөрүү аракеттери көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан