Ош. Чоң-Алай районунда салтанаттуу түрдө 87 энеге Баатыр эне ордени тапшырылды

15-июль күнү Чоң-Алай районунда 87 энеге Баатыр эне ордени, 9 энеге Эне даңкы медалы, ошондой эле 72 энеге «Баатыр эне» китепчелери жана 1 энеге «Эне даңкы» күбөлүгү Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Аширалиевдин жана айыл аймак башчыларынын куттуктоолору менен салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда райондук администрациядан Сапура Мамытова билдирди.

Маалым болгондой, жыйындын салтанаттуу бөлүгүн райондук аялдар кеңешинин төрайымы көп балалуу энелерди куттуктоосу менен жыйынтыктады. Аягында энелердин майрамдык маанайын көтөрүү максатында райондук маданият бөлүмүнүн концерттик программасы тартууланды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан