Социалдык өнүгүү министрлиги үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөшүү жаатында иш алып барууда жарандык коомдук башкы өнөктөш аталды. Мындай пикир Кудайберген Базарбаев менен "Сезим" борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын жолугушуусунда айтылды. Бул тууралуу 16-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга «Даймс» швейцариялык фондунун социалдык инвестору Вернер Блатт менен «Шелтор» борборунун жетекчиси Виктория Чан да катышты.
Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстан гендерлик теңдик тармагында бир канча алдыга жылыш жасаганын жана зомбулук менен күрөшүүдө кризистик борборлор жардам көрсөтүп жатканын айтты.
«Сезим» сыяктуу борборлор зомбулук менен күрөшүп, гендерлик теңдик жаатындагы демилгелерди мамлекеттик деңгээлге алып чыгышат. Биз кризистик борборлорду эркектер үчүн да ачып жатабыз. Ошондой эле бейөкмөт уюмдар менен биргеликте улуттук ишеним телефонун ишке киргизүүнү пландадык», - деди министр.