Бүгүн, 16-июлда Бишкектин Ленин РИИБинин капиталдык оңдоодон кийин №1-шаардык милиция бөлүмүнүн ачылышы өттү.
Аталган Райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Закиржан Усмановдун айтымында, оңдоо иштерине Ленин акимиаты тарабынан 360 миң сом сарпталды. “№1-шаардык милиция бөлүмүнүн имараты абдан начар абалда болчу. Бул бөлүм көзөмөлдөгөн аймакта 100 миңге жакын адам жашайт. Райондо убактылуу келип жашагандар абдан көп. Алардын арасында чет өлкөлүк студенттер да бар. Аларга карата кылмыштар көп катталат. Мындан тышкары бул аймакта "Ош базары" да жайгашкан”,- деди ал.
“2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында №1-милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 433 кылмыштын бети ачылган. Бул жалпы кылмыштардын 65,5 пайызын түзөт. Ошондуктан Ленин району эң криминалдуу район болуп саналат”,- деп билдирди аталган бөлүмдүн башчысы Алтынбек Козубаев.