Ош шаарында август айынан тарта Административдик жоопкерчилик боюнча кодексине киргизилген өзгөртүү жана кошумчалар күчүнө кирет. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Шаардык жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, Ош ШИИБинин Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери айдоочулар арасында жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун жаңы көлөмү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мындан ары мас абалында унаа башкарган айдоочулар 10 миң сом, мас абалында жол кырсыгына алып келген айдоочулар 20 миң сом, унаанын терезелерин караңгылаткандыгы үчүн 2 миң сом айып пул төлөмөкчү.