Казакстандык туристтер “Кордай” көзөмөл-өткөрүүчү жайдагы тополоңду видеого тартып, интернетке чыгарышты.
“Казакстандыктар жайдын келиши менен Ысык-Көлгө эс алууга жөнөшөт. Бирок “Кордайда” адаттагыдай жол тыгын. Бул көзөмөл-өткөрүүчү жайдан өтүү 40 мүнөттөн 5 саатка чейинки убакытты алат. Ким көп акча төлөп берсе, ал тезирээк өтөт. Такси кызматынын айдоочулары 2 миң теңгеден 3,5 миңге чейин бааны көтөрүшөт. Айрымдар ошентип “аукцион” уюштуруп акча табышат. Кардарлардын арасында мушташып кеткен учурлар болууда”,- деп нааразычылыгын билдиришти туристтер.
Айта кетсек, бул видео ушул жылдын 10-июлунда интернет айдыңына чыккан.