Баткен районунун Кара-Бак айыл округуна караштуу Зардалы өрөөнүнүн Ара жайлоосунда "Зардалы" жайлоо бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда райадминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондун эң алыскы аймагында ачылган жайлоо бала бакчасында тарбияланып жаткан 20га жакын баладан Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин орун басары Кишимжан Кыдырова жана тиешелүү өкүлдөр кабар алып келишти.