Ош шаарында көп тилде билим берүү боюнча семинар өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда
Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.
Анын айтымында, семинар Европа биримдигинин КРнын Билим берүү тармагына көмөк көрсөтүү программасынын алкагында өтүүдө. Ага Латвиядан келген тренерлер семинар өтүп, КРнын Билим берүү министрлигинин адиси Надира Санташева жана Шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, мугалимдер катышууда.
Чет элдик тренерлер тил билүүнүн деңгээли, анын зарылдыгы боюнча тажрыйбаларын бөлүшүштү. Ошондой эле Н.Санташева белгилегендей, көп тилде сабак өтүү балдардын билим алуусуна көмөк көрсөтөт.